Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Экс-депутат Тербишалиев: жиу-житсу боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатам

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Данияр Тербишалиевдин архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Данияр Тербишалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Данияр Тербишалиев Бириккен Араб Эмираттарында өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде биринчи орун алган.
Экс-депутат Тербишалиев: жиу-житсу боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярданып жатам

Тербишалиев 11-февралда өткөн беттешке 20дан ашык мамлекеттин спортчулары катышканын билдирди.

"Мен күрөштүн эки түрү боюнча чыктым. Биринчиси кимано, экинчиси грэпплинг деп аталат. Эми болсо үстүбүздөгү жылдын апрель айында Абу-Дабиде өтө турган дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүп жатам", — деди спортчу.

Ал учурда машыгуу залына барып камынып жатканын белгиледи.

"Жалпысынан чемпионатка болгон даярдык жакшы өтүүдө. Бирок убакыт тар болуп жетише албай калып жатам. Негизинен физикалык жактан даярдыгым жакшы эле. Күрөш мен үчүн жаңы спорт болгондуктан техникалык жагын күчтөшүм керек болуп жатат. Себеби кичинемден тарта бокс менен машыккандыктан күрөш мен үчүн оорураак болууда", — деп кошумчалады Тербишалиев.

Жиу-житсу — бул күрөштүн бир түрү. Анда муунтуу жана кайруу ыкмалары колдонулат. Бул байыркы япон күрөштөрүнүн бир түрү болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0