Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Самаркүл Умралиева: 1-класстын окуучуларына III чейрек ортолоп калганда каникул берилет

© Фото / Айзура ЧыкыноваСотрудник Минобр КР Самаркул Умралиева
Сотрудник Минобр КР Самаркул Умралиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикадагы 1-класстын окуучулары дүйшөмбүдөн баштап кошумча каникулга чыкканын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Самаркүл Умралиева: 1-класстын окуучуларына III чейрек ортолоп калганда каникул берилет

Министрликтин мектепке чейинки, мектепте, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Самаркүл Умралиева каникул боюнча буларды түшүндүрдү.

"Биринчи класстын окуучулары бир жумада 20-22 сааттык окуу жүктөмү менен үчүнчү чейректе кошумча каникулга чыгышат. Кошумча каникул бул чейрек ортолоп калганда болот. Бул салтка айланып калгандай февралдын аягына дал келет", — деди ал.

Умралиева каникулга чыгуу балдардын ден соолугуна, жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу кабыл алынганын кошумчалады.

Мында аймактагы башкармалыктар каникулдун мөөнөтүн өз алдынча бекитүүгө укуктуу. Мектептердин көбүндө эс алуу 13-февралдан тарта башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0