Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айбек Бечелов: рейддин жыйынтыгы менен 14 мас айдоочу кармалды

© Фото / Зульфия ТургуноваСтарший следователь Ошского отдела ГУВД Айбек Бечелов
Старший следователь Ошского отдела ГУВД Айбек Бечелов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы Ош облусу боюнча жыл башынан бери тогуз жолу рейдге чыккан.
Айбек Бечелов: рейддин жыйынтыгы менен 14 мас айдоочу кармалды

Ош облусунда жыл башынан бери рейд жыйынтыгы менен 14 мас айдоочу кармалып, жол эрежесин бузган 360 автоунаа айып короого токтотулган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош ОИИБдин Кайгуул милиция бөлүмүнүн маалымат кызматынын ага тескөөчүсү Айбек Бечелов билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери облус боюнча жыл башынан бери тогуз ирет рейдге чыккан.

"Февраль айынын ичинде сегиз багытта рейд жүрдү. Жыл башынан бери мас абалында унаа айдаган 14 айдоочунун ар бирине протокол түзүлүп, 10 миң сомдон айып пул салынды. Мындан тышкары, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган 56 айдоочуга тиешелүү чара көрүлдү", — деди Бечелов.

Маалымат катчы жол коопсуздугун сактоо жана кырсыктардын алды алууга багытталган иш-чаралар улантыла берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0