Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тимур Ысыев: Германияда төрт мектепте сабак берем

© Фото / Азиель Тимур уулуМузыкант Тимур Ысыев
Музыкант Тимур Ысыев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тимур Ысыев Германияда алты жаштан 16 жашка чейинки балдарга үйлөмө аспаптарда ойноону үйрөтөт.
Тимур Ысыев: Германияда төрт мектепте сабак берем

Көп жылдан бери Германияда иштеп жүргөн кыргызстандык музыкант Тимур Ысыев учурда өзүнүн жеке мектебинен тышкары, дагы 3 эстрада-жаз мектептерине сабак берээрин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Менин мектебиме Россиядан же КМШ өлкөлөрүнөн келип, бул жакта жашап калган адамдардын балдары көп келишет. Алты жаштан 16 жашка чейинки балдарга үйлөмө аспаптар боюнча сабак берем. Германиянын шаарларында чет өлкөлүктөрдүн ар кандай коомчулуктары, диаспоралары көп. Алардын ар биринин маданий борборлору бар, өз алдынча чогулуп, чыгармачыл кечелерди өткөрүп турушат. Ошондуктан, балдарына музыкалык билим берүүнү каалашат", — деди музыкант.

Өзүнүн айтымында, ал өзү жашаган Дармштадт шаарынан тышкары, дагы бир нече шаарларга балдарды окутуу үчүн ата-энелердин чакыруусу менен барып турат.

Музыкант Тимур Ысыевдин толук маегин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0