Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакыт Жолчиев: курулушчулар көпчүлүк учурда коопсуздукту сакташпайт

© Фото / пресс-служба ГосэкотехинспекцииМамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Эмгек жана эмгектик мамилелер көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Жолчиев
Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Эмгек жана эмгектик мамилелер көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Жолчиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 16-февраль күнү Бишкекте курулушчулар бешинчи кабаттан кулап, оор жаракат алышкан.
Бакыт Жолчиев: курулушчулар көпчүлүк учурда коопсуздукту сакташпайт

Несчастный случай на пересечении улицы Гоголя с проспектом Чуй - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборунда курулушта иштегендер кулап түштү
Курулушчулар көпчүлүк учурда кайдыгерлик мамиле менен коопсуздукту сакташпайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Эмгек жана эмгектик мамилелер көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Жолчиев билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ, 16-февраль күнү Бишкекте курулушчулар бешинчи кабаттан кулап, оор жаракат алышкан. 

"Курулуш коопсуздугун сактоо максатында үч жылдан бери аракеттер көрүлүп келет. Ага ылайык, атайын курулуштарды көзөмөлгө алган инспекторлорду окутуп жатабыз. Алар курулуштарга кирип текшере алат. Ошонун арты менен акыркы жылдары курулуштагы кырсыктар акырындык менен азайы келе жатат. Жалпы өлкө боюнча үч жыл мурун 160га чукул кырсык болсо, өткөн жылы алардын саны 122ге кыскарды", — деди Жолчиев.

Ал анткен менен инспекторлордун саны аздык кылып жаткандыгын айтып, бардык курулуш объектилерди текшерүүгө үлгүрбөй келерин кошумчалады.

Мындан сырткары, курулушчулар көпчүлүк учурда кайдыргерлик кылып, тиешелүү коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан улам кырсыкка кабыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0