Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Элмира Шерипова: 22-февралга чейин кооптуу аймактарда кар көчкү атып түшүрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова
Руководитель пресс-службы МЧС КР Эльмира Шерипова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Чоң-Алай районундагы унаа жолдордо 36 снаряд атылып, 43450 метр куб кар көчкү түшүрүлгөн.
Элмира Шерипова: 22-февралга чейин кооптуу аймактарда кар көчкү атып түшүрүлөт

Кырсыктын алдын-алуу жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, артиллериялык куралды колдонуп, нече аймактарда кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары уланууда. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипова билдирди.

"Буга чейин Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш — Кара-Мык, Дароот-Коргон — Чак унаа жолдорунда, Кулчу кыясында, Жаш-Тилек айылында, Алыш сайында жана Батман-Көл участкасында жалпысынан 36 снаряд атылып, 43450 метр куб кар көчкү түшүрүлгөн. Ошондой эле 18-февралдан 22-февралга чейин Бишкек — Ош, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная-Горка — Ак-Таш, Каракол — Эңилчек унаа жолдорунда коопсуздукту камсыздоо үчүн кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт", — деди Шерипова.

Ал ошондой эле, жүргүнчүлөргө бул күндөрү зарыл себептери болбосо аталган аймактарга чыкпай турууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0