Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубан Таабалдиев: Атамбаевдин Европага сапары ийгиликтүү болду

Жазылуу
Серепчинин айтымында, Атамбаевдин БУУнун жаңы жетекчиси Антониу Гутерреш, Германия канцлери Ангела Меркель жана Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Жорж Сорос менен жолуккандыгы өлкө үчүн пайдалуу болду.
Кубан Таабалдиев: Атамбаевдин Европага сапары ийгиликтүү болду

Атамбаевдин Европага иш сапары ийглиликтүү болду. Бул тууралуу саясий серепчи Кубан Таабалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев өткөн аптада Бельгия жана Германияда иш сапар менен болду.

"Менин маалыматым боюнча президенттин бул сапарындагы пландардын бардыгы толугу менен аткарылды. Тиешелүү адамдар менен жолугуп, айтылчу сөздөр айтылды. Бул жолугушуулар бүз күткөндөн да көбүрөөк пайда алып келет деп айтуу эртелик кылат. Бирок өлкөнүн Евробиримдик менен иштөөсүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүүгө жол ачты. Жалпылап айтканда иш сапар ийгиликтүү болду десек жаңылышпайбыз", — деди Таабалдиев.

Серепчи Атамбаевдин БУУнун жаңы жетекчиси Антониу Гутерреш, Германия канцлери Ангела Меркель жана Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Жорж Сорос менен жолуккандыгы өлкө үчүн пайдалуу болгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0