Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Муфтият өкүлү: мигранттарыбыз РФ квотасы менен ажылыкка барса жакшы болот

© Фото / пресс-служба ДУМК КРМуфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешовдун архивдик сүрөтү
Муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтийдин орун басары ажылыкка баруу үчүн каттоодон өтүүгө үч айдан ашык убакыт талап кылынарын кошумчалады.
Акимжан ажы Эргешов: мигранттарыбыз РФ квотасы менен ажылыкка барса жакшы болот

Мигранттарыбыз Россиянын квотасы менен ажылыкка барса жакшы болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов билдирди.

Эске сала кетсек, Россиянын муфтийлер кеңеши Сауд Аравияга РФ квотасы менен Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарына ажыга барууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган

"Эгерде Аравия Россиянын муфтийлер кеңешинин өтүнүчүн орундатып калса мигранттарга жакшы болмок. Анткени мигранттардын Кыргызстанга келип каттоодон өтүү менен ажыга барышы үч айдан ашык убакытты талап кылат. Мындан сырткары, көп жылдан бери Россияда жашап, жарандыгын алгандарга квота берилбейт. Анткени биз өз жарандарыбызга гана квота беребиз", — деди Эргешов.

Муфтийдин орун басары Россияда ажылыкка барчуларды каттоону муфтият эмес, туристтик компаниялар жүргүзөрүн айтып, каалоочулар ошол компанияга кайрылышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0