Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Офтальмолог Бактыгүл Мамытова: көз чыңалганда кызарат

© SputnikОфтальмолог глазной микрохирургии национального госпиталя, кандидат медицинских наук Бактыгуль Мамытова
Офтальмолог глазной микрохирургии национального госпиталя, кандидат медицинских наук Бактыгуль Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын көз микрохирургия борборунун жогорку даражадагы офтальмологу, медицина илимдериинин кандидаты Бактыгүл Мамытова көз оорулары тууралуу айтып берди.
Офтальмолог Бактыгүл Мамытова: көз чыңалганда кызарат

Адис көздүн булчуңдары качан чарчарын, кандай жугуштуу оорулары бар экендиги жөнүндө да кеп козгоду.

"Март-апрель айларында аллергия башталганда да кызарат. Бирок жакшы жери көздүн аллергиясы 25 жаштан кийин өтүп кетет. Коньюктивит деген бар. Азыр айланада вирус, бактериялар арбын. Маселен маршрутканын кармагычын күнүнө жүздөгөн адам кармайт, үйгө келгенде колубузду жууганды унутуп калып көздү ушалап жиберебиз. Анан көзгө бактериялар кирип кычыштырат. Үйдө ар бир адамдын өзүнчө сүлгүсү болушу керек. Биз болсо бир сүлгү менен барыбыз аарчынып отуруп инфекцияларды жугузуп алабыз", — деди ал.

Мамытова ошондой эле Меккеге ажылыкка барып келгендердин айрымдары көздөрү кычышып, жаш куюлгандыктан кайрыларын айтты. Ал жакта ысык болгондуктан грибоктор көп экенин кошумчалады.

Тамак-ашка сабиз, төө бурчак, деңиз капустасы, балыктын түрлөрүн колдонсо көзгө пайдалуу. Ошондой эле А, С, Б витаминдери көзгө абдан керектүү экенин баса белгиледи.

Офтальмолог Мамытованын толук маегин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0