Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жыпара Мамбетова: Кыргызстанга келе турган памирлик кыргыздардын көбү балдар

© Фото / Канат СагынбаевРуководитель отдела службы миграции Жыпара Мамбетова
Руководитель отдела службы миграции Жыпара Мамбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаз айларында Кыргызстанга 30га чукул памирлик кыргыз алынып келиши күтүлүүдө.
Жыпара Мамбетова: Кыргызстанга келе турган памирлик кыргыздардын көбү балдар

Жаз айларында Кыргызстанга келе турган памирлик кыргыздардын көбү балдар болмокчу. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө жалпысынан 30га чукул боордоштор келет.

"Өткөн жылдары атайын топтун Афганистанга болгон расмий иш сапарынан кийин менен мектеп курагындагы жаш балдарды алып келип, Кыргызстандан окутуу демилгеси көтөрүлгөн. Мындан улам Кыргызстанга 7 жаштан 30 жашка чейинки 30 кандашыбыз апрель айынан тарта алып келингени жатат. Аларды Кыргызстандын шартына көндүрүү максатында алгач тоолуу аймактарга, тактап айтсам, Чоң-Алайга жайгаштыруу каралууда", — деди Мамбетова.

Эске салсак, Улуу жана Кичи Памирде жалпысынан 2000 миңге чукул этникалык кыргыз жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0