Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдразакова: Ошто башы менен денеси кескиленген 34 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

© Фото / Зульфия ТургуноваОш ШИИБдин маалымат кызматынан өкүлү Райхан Абдразакова
Ош ШИИБдин маалымат кызматынан өкүлү Райхан Абдразакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын Анар кичирайонунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 34 жаштагы тургундун сөөгү табылды.
Абдразакова: Ошто башы менен денеси кескиленген 34 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Каргашалуу окуя 24-февраль күнү таңга маал болуп, милицияга маалымат 7:00 чамасында түшкөнүн Ош ШИИБдин маалымат кызматынан өкүлү Райхан Абдразакова Sputnik Кыргызстан агентитигинин кабарчысына билдирди.

"Чакырууга барган ыкчам топ Анар кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинен 34 жаштагы адамдын сөөгүн тапты. Маркумдун башы жана денеси бир нече жеринен белгисиз нерсе менен кескиленгендиги аныкталды. Тийиштүү материалдар жыйналып, учурда шектүүлөр изделүүдө. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду ", — деди Абдразакова.

Маалыматка караганда, маркум Ош шаарында май куйуучу жайлардын биринде башкаруучулук кызматта иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0