Ырчы Адилет Азимов маек учурунда

Адилет Азимов: мени шоу-бизнестин 30 пайызы жактырбайт

237
Жаш муундагы ырчылардын көч башында келе жаткан Адилет Азимов бир катар эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды камсыздап келет.
Адилет Азимов: мени шоу-бизнестин 30 пайызы жактырбайт

Таланттуу ырчы шой-бизнестин ой-чуңкуру, сынакка баруудагы түмөн түйшүк, анан албетте, күйөрман кыздары тууралуу маек курду.

"Мен үчүн 2014-жыл бир аз ийгиликсиз жылдардан болду. "Жаңы толкун" сынагына барып үчүнчү турга чейин жеткенде өтпөй калдым. Көрсө, ал жакта башында жупуну ырларды ырдап, финалга жеткенде талантыңды көрсөтүшүң керек экен. Болбосо кыйындарды байкап туруп "ыргытып" ийишет экен. Келип "Tyrk vizion" сынагына катыштым. Ал дагы таза өткөн жок", — деди Азимов.

Көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ болгон ырчы менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалан окуңуз>>

237
Белгилер:
шоу-бизнес, ырчы, Адилет Азимов
Тема боюнча
Адилет Азимов: сумкага акча жетпей, баштык көтөргөн күндөр болду
Тулпар долбоорунун ЖМК менен иш алып баруу боюнча адиси Бекжан Акматбеков

Акматбеков: "Тулпар" тиркемеси аркылуу транспорттун кыймылын көрүүгө болот

42
(жаңыланган 13:22 23.01.2021)
"Тулпар" долбоорунун ЖМК менен иш алып баруу боюнча адиси Бекжан Акматбеков адистер Бишкек шаарынын тургундары тиркеме аркылуу транспорттун кыймылын көрүүгө мүмкүнчүлүк берген функцияны кошуунун үстүндө иштеп жатканын айтты.
Акматбеков: "Тулпар" тиркемеси аркылуу транспорттун кыймылын көрүүгө болот

Акматбековдун айтымында, 2020-жылдын аягында активдүү жүргүнчүлөрдүн арасында конкурс уюштурулуп, бир ай бекер жүрүү үчүн карта белекке берилген.

"Долбоор ишке киргенден бери бишкектиктер 140 миңге жакын көк стандарттык карталарды сатып алышты. 42 миңден ашык кызыл карталар жеңилдетилген категориядагы жарандарга берилди жана дээрлик 10 миңдей мектеп окуучулары жашыл карталарга ээ болду. Эми мектеп карталарын долбоордун сайтынан онлайн режимде алса болот. Ошондой эле биз жакында NFC технологиясынын жардамы менен төлөмдөрдү аралыктан жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн киргиздик. Эми виртуалдык картаны Android смартфондору аркылуу алып, жүрүү акысын төлөй аласыз. Ал 31-январга чейин акысыз", — деди Акматбеков.

Адис былтыр Бишкекте 1-марттан баштап муниципалдык транспортко жол кирени төлөө электрондук карталар аркылуу жүргүзүлө баштаганын эске салды.

42
Белгилер:
"Тулпар" электрондук төлөм системасы, карта, электрондук билет
Тема боюнча
Бишкекте картасыз, нак акча менен төлөнчү жол кирени кымбаттатуу пландалууда
Жаш маркетолог, ишкер Темирхан Жолонбеков

Жолонбеков: бугу жемпирлерин таштап, балдар кийимин өндүрүп баштадым

38
(жаңыланган 12:09 23.01.2021)
Жаш маркетолог, ишкер Темирхан Жолонбеков биринчи долбоорун жаап, эми балдар кийим-кечесин өндүрүп баштаганын айтты.
Жолонбеков: бугу жемпирлерин таштап балдар кийимин өндүрүп баштадым

Кесибим боюнча маркетологмун. Биринчи жеке ишимди баштаганда 21 жашта элем. Bugu Sweaters бренди менен бугунун сүрөтү түшүрүлгөн жемпирлерди сата баштагам. Алгач товарды сырттан келишим түзбөй эле акча жөнөтүп жиберип алданып калгам. Бул тууралуу Темирхан Жолонбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкекте балдар кийими эки дүкөндө сатылып, франшизасы Кара-Балта, Балыкчы шаарларында да бар.

"Кайсы гана бизнес өнөктөш болбосун сөзсүз түрдө ал адам менен көрүшүп, келишимдин негизинде иштөө керек. Биринчи иш баштаганымда чоң суммадагы акчага алдап кетишкен. Алгач товарга келишими жок эле буюртма берип, акчасын төлөгөм. Кийимдерди көп күткөнүбүз аз келгенсип, сапаты да начар болуп чыккан. Ошондон кийин аны Кыргызстанда тигүүгө өттүк. Башында кардарлар бизде өндүрүлгөн продукцияга анча ишеним артпай жатышты. Себеби өлкөбүздө сапатсыз эле кийимдер чыгарылат деп ойлошчу. Тажрыйбанын аздыгынан улам убакыт менен каражатты кетирдик, бирок акыры рынокто өз ордубузду таба алдык. Эң башкысы өз убагында ачып, кайра өзүм жаптым. Үч жыл иштеп, продукцияны Казакстан, Өзбекстан, Россияга чейин экспорттодук. Ошентип 2020-жылдын башында бизнес-долбоорду сатып жибердим. Бул стартап мага көп билим, тажрыйба, күч-кубат берди. Эң негизгиси иштөөгө, чыдамкайлыкка, кулагандан кийин турууга үйрөндүм. Азыр беш жашка чейинки кичинекей бөбөктөрдүн кийимин өндүрүп жатабыз. Кездемеси Токмоктогу ишканада чыгарылат, фурнитуралары сырттан алып келинет", — деди Жолонбеков.

Ишкер ушул жылдын май айларында товарларын чет мамлекетке чыгаруу планы бар экенин кошумчалады.

38
Белгилер:
бизнес, ишкер
Тема боюнча
Арстанбекова: чет өлкөгө окууга тапшырчулардын максаты так болушу керек
Карды тартып аткан адамдар. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

0
24-январга караган түнү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4…+1, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градусту көрсөтөт.

Бишкекте жана Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо -2…-4, Ош шаарында 0…-2 градуска жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Абайлагыла, сак болгула! Айдоочуларга эскертүү берилди