Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Марс Сариев: Отунбаева оппозицияны бириктирип, сап башына турушу мүмкүн

© Фото / Аман СариевСаясий серепчи Марс Сариевдин архивдик сүрөтү
Саясий серепчи Марс Сариевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий серепчинин айтымында, экс-президенттин аброю жогору.
Марс Сариев: Отунбаева оппозицияны бириктирип, сап башына турушу мүмкүн

Роза Отунбаева оппозицияны бириктириши мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саясий серепчи Марс Сариев билдирди.

Бессрочный митинг сторонников Текебаева в Базар-Коргоне - Sputnik Кыргызстан
Базар-Коргондуктар кайрадан митингге чыгышты
Эске сала кетсек, УКМК Өмүрбек Текебаевди камагандан кийин мөөнөтсүз митингдер башталган. Аталган митингде сөз сүйлөгөн Роза Отунбаева бардык саясий күчтөрдү биригүүгө чакырган.

"Роза Отунбаеванын экс-президент катары аброю жакшы. Аны көп эл жана саясатчылар ээрчийт. Мындан сырткары, Кыргызстанда жарандык коом күчтүү. Алар дагы кошулушу мүмкүн. Учурдагы абалды эс алуу менен саясий күчтөр диалогго барышы керек деп эсептейм", — деди Сариев.

Серепчи айрым саясатчылар кырдаалга сырттан көз салып турганын кошумчалады.

"Учурда айрым саясатчылар сырттан гана карап, күч кайсыл тарапка оой тургандыгын байкап турат. Путиндин келиши күтүлүүдө. Алар Атамбаев Путинден колдоо алып калышы мүмкүн деп күтүп жатышат", — деди ал.

Сариев оппозиция бириксе сап башына Роза Отунбаева турушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0