Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдил Сегизбаев: Текебаевге колдон келишинче аяр мамиле кылып жатабыз

Жазылуу
УКМК жетекчиси депутатты аэропорттон атайын даярдыктагы жоокерлер эмес, тергөөчүлөр эле алып келгенин билдирди.
Абдил Сегизбаев: Текебаевге колдон келишинче аяр мамиле кылып жатабыз

Өмүрбек Текебаевге аяр мамиле жасалууда. Бул тууралуу УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Абдил Сегизбаев Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди.

"Текебаевдин акча алгандыгы тууралуу далилдерибиз жетиштүү. Бирок азыр тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу айта албайбыз. Депутат болобу, карапайым болобу, мыйзам баарына бирдей. Текебаев колдон келишинче аяр мамиле менен УКМКга алынып келинди", — деди Сегизбаев.

Ал депутатты атайын даярдыктагы жоокерлер эмес, тергөөчүлөр эле барып алып келгенин кошумчалады.

Эске салсак, фракция лидери Өмүрбек Текебаев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 25-апрелге чейин камакка алынган. Башкы прокуратура эл өкүлүнө "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0