Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мааданбеков: Нарында 15 миң уй идентификациялоо процессинен өтөт

© Фото / Нурзада МукашеваАт-Башы районунун ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Алыбек Мааданбеков
Ат-Башы районунун ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Алыбек Мааданбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Малды идентификациялоо процесси айыл чарба продукциясын экспорттоодогу эл аралык стандарттарды сактоо максатында жүргүзүлөт.
Мааданбеков: Нарында 15 миң уй идентификациялоо процессинен өтөт

Бүгүндөн тарта Нарын облусунда малды идентификациялоо башталып, анда биринчилерден болуп уйлар өткөрүлөөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Ат-Башы районунун ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Алыбек Мааданбеков билдирди.

"Биздин эсеп боюнча Нарында 14 900 саан үй бар. Бүгүн облуска 15 миң бирка, 12 компьютер, 23 ноутбук жана 23 смартфон жеткирилди. Буга чейин идентификацилоо иштери үчүн 22 оператор, 37 каттоочу окуудан өткөн", — деди Мааданбеков.

Анын айтымында, уй этин жана сүтүн ээн-эркин сатууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн идентификациялоо биринчи уйлардан башталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0