Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чекирова: Москвадагы өрттөн каза болгон кыз-келиндер аллеясына эми гүл отургузулат

© Фото / Надя Хохлова"Поколение BEST" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нуриля Чекирова. Архив
Поколение BEST коомдук бирикмесинин жетекчиси Нуриля Чекирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин Бакаев — Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Лагерный" сейил багына тигилген көчөттөрдүн баары бүрдөй баштады.
Чекирова: Москвадагы өрттөн каза болгон кыз-келиндер аллеясына эми гүл отургузулат

Былтыр Москва шаарында өрттөн каза болгон кыз-келиндердин жаркын элесине арналып тигилген көчөттөр бүчүр байлай баштагынан "Поколение BEST" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нуриля Чекирова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Москва шаарында өрттөн каза тапкан 17 эже-сиңдибиз менен курсакта кеткен баланын элесине арнап отургузган 18 дарак тең бүчүр байлай баштаптыр. Кеч күздө отургузулса дагы узак жана суук кышта көчөттөрдүн жанданып кеткени бизди абдан кубандырды", — деди Чекирова.

Москва шаарындагы Алтуфьевск шоссесиндеги №5 имаратта жайгашкан басмакананын кампасында чыккан тилсиз жоонун кесепети - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы өрт: окуянын хронологиясы, тирүүлөй өрттөлгөн мекендештер, өчкөн өмүрлөр
Анын айтымында, күндүн жылышы менен аталган сейил бакка ар түркүн гүлдөр отургузулат.

Дарактар былтыр ноябрь айында Бакаев — Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Лагерный" сейил багына шаар мэриясынын уруксаты менен отургузулган. Ошондой эле элден чогулган акчага, каза болгондордун аты-жөнү жазылган эстелик таш коюлган. 

Эске салсак, 27-август күнү Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, андан 14 кыргызстандык кыз-келин жана россиялык үч аял каза болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0