Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чолпонбек Беккелдиев: терроризмге каршы дүйнө эли бирге туруштук бериши керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовАфган согушунун ардагери жана Баткен коогалаңынын катышуучусу, запастагы подполковник Чолпонбек Беккелдиев
Афган согушунун ардагери жана Баткен коогалаңынын катышуучусу, запастагы подполковник Чолпонбек Беккелдиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куралдуу күчтөрдүн, күч түзүмдөрүнүн жана оорукта эмгектенгендердин ардагерлер кеңешинин жооптуу катчысы Чолпонбек Беккелдиев өткөн кылымдын көйгөйү улутчулдук болсо, учурдун көйгөйү терроризм экенин кошумчалады.
Чолпонбек Беккелдиев: терроризмге каршы дүйнө эли бирге туруштук бериши керек

Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 86 экстремисттик сайтка тыюу салынды
Терроризмге каршы дүйнө эли чогуу туруштук бериши керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Афган согушунун ардагери жана Баткен коогалаңынын катышуучусу, запастагы подполковник Чолпонбек Беккелдиев билдирди.

Эске сала кетсек, Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда видео-конференция уюштурулуп, ага Россия, Израиль, Абхазия, Армения, Белоруссия, Болгария, Греция, Түштүк Осетиянын эксперттери катышты. Анда адистер тынчтык жана көп кырдуу дүйнө тууралуу кеп кылышты. Аталган маектин катышуучусу Чолпонбек Беккелдиев төмөнкү маселеге токтолду.

"Өткөн кылымда улутчулдук жалпы дүйнөнүн көйгөйү болсо, учурда "Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдар дүйнө элдеринин көйгөйүнө айланды. Анын тамыры Орто Азия, Европага чейин жайылды. Бул адамзатка чоң корунуч алып келет. Ошондуктан акыл токтотуп, кол кармашып аталган уюмдарды жоюу зарыл", — деди Беккелдиев.

Ал согуштарга караганда терроризм өлкөлөргө чоң залал тийгизип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0