Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Депутат Жамангулов: парламенттин аппарат жетекчиси чет өлкөгө негизсиз чыккан

© Фото / Атабек ЖамангуловДепутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов
Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кутушевди кызматтан кетирүү чечимин кабыл алган.
Депутат Жаманкулов: парламенттин аппарат жетекчиси чет өлкөгө негизсиз чыккан

Парламенттин аппарат башчысы Абдыманап Кутушев кызматтык абалынан пайдаланып чет жактарга негизсиз чыккан. Мындан улам анын кызматтан кетирүү каралып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кутушевди кызматтан кетирүү чечимин кабыл алышкан.

"Жаңы кызматка дайындалганына 10 ай боло элек жатып, сегиз жолу чет жактарга ар түрдүү сапарларга барып келди. Атайын адис, депутаттар барчу иш-чараларга өзү жөнөйт. Өзү эле эмес, анын алдындагы жардамчылары да негизсиз Түркия, Кытай мамлекеттерине барышууда. Жогорку Кеңеште 10 жылдан бери иштеп жакын турган Алматыга барбагандар бар. Биздин комитет бул маселени жабык талкууладык. Анын жумуштан кетирүү боюнча чечим кабыл алып, спикерге жөнөттүк", — деди эл өкүлү.

Жаманкулов эгер бул чечимди эки күндүн ичинде спикер чечип бербесе, маселе пленардык жыйынга алынып чыгарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0