Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талант Канатбек уулу: бүгүн 1000 эне элечектүү болду

© Фото / Зульфия ТургуноваРуководитель пресс-служба мэрии Оша Талант Канатбек уулу
Руководитель пресс-служба мэрии Оша Талант Канатбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жума ичинде Ош шаарында Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган үч иш-чара болуп өттү.
Талант Канатбек уулу: бүгүн 1000 эне элечектүү болду

Бүгүн Ош шаарынын мэри аялзатын өзгөчө куттуктап, 1000 энеге ак элечек белек кылгандыгы тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Талант Канатбек уулу билдирди.

"Бүгүн Ош шаарынын айымдары үчүн кош майрам болду десек болот. Шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаевдин идеясы менен энелерге ак элечек белек кылуу иш-чарасын өткөрдүк. Кадырбаев айымдарды куттуктоо сөзүндө аялзаты коомдо зор күч экенин белгиледи", — деди Канатбек уулу.

Анын айтымында, жума ичинде мындан тышкары дагы эки иш-чара болуп өттү. Алардын бири 3-мартта туу күнүнө арналган флошмоб. Мында жаш активисттер Кыргызстандын "жандуу" картасын түзүштү. Ал эми 5-март Ак калпак күнүнө карата калпак формасында 4 метрлик шардан жасалган форма асманга учурулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0