Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тойматов: КРде бир адамды кургак учуктан дарылоо үчүн 13 миң доллар керектелет

© Sputnik / Бегимай Бакашева Начальник управления оказания медицинской помощи Самат Тойматов
Начальник управления оказания медицинской помощи Самат Тойматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аныктоосу боюнча кургак учукка кабылган бир адамды дарылоого 13 миң доллар жумшалат.
Тойматов: КРде бир адамды кургак учуктан дарылоо үчүн 13 миң доллар керектелет

Кыргызстан дагы бул норманын алкагында иш алып барып, кургак учук болгон бир адамдын дарылануусуна 13-15 миң доллар жумшаларын Sputnik Кыргызстан агенттигине Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын жетекчиси Самат Тойматов билдирди.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учук боюнча төрт программаны аягына чыгарып, азыр бешинчисинин үстүндө иштей баштады. 2001-жылдан бери ооругандардын саны эки эсеге кыскарды. Мисалы 2001-жылы 100 миң кишиге 162, бүгүн болсо 100 миң кишиге 92 адам туура келет", — деди Тойматов.

Маалыматка караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинде 2020-жылга чейин дары-дармек менен камсыздоо программасынын үстүндө иштер жүрүп жатат.

Эске салсак, 24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү.

Жаңылыктар түрмөгү
0