Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жыргалов: Апрель баатырларынын ысымын чокуга ыйгаруу 6 жыл мурда демилгеленген

© Фото / Марс ОморовАк-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан Жыргалов
Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан Жыргалов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы тоо чокусуна ат ыйгаруу элдин демилгеси экендигин кошумчалады.
Жыргалов: Апрель баатырларынын ысымын чокуга ыйгаруу 6 жыл мурда демилгеленген

"Апрель революциясынын баатырлары" деген атты тоо чокусуна ыйгаруу алты жыл мурда демилгеленген. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан Жыргалов билдирди.

Эске сала кетсек, чокуга ат ыйгаруу боюнча мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлган.

Маалыматка караганда, мындай аталышты Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги чокуга берүү сунушталууда.

Демилге Ак-Суу районунун Челпек айылдык кеңешинин чечими боюнча көтөрүлүп, райондун администрациясы токтомду кабыл алган.

"Демилге 2011-жылы эле көтөрүлгөн. Бирок сөз бойдон калып калган. Кийин элден кайрадан сунуш түшүп, жергиликтүү кеңештин депутаттары аны колдошту. Карап көрсөк өлкөнүн бир да жерине Апрель баатырларынын аты коюлбаптыр", — деди Жыргалов.

Айыл өкмөт башчысы учурда тоо кыркага жаңы ат коюлган белгини даярдап коюшканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0