Дары-дармектерди жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыккан топтун жетекчиси Сүйүнбек Сырдыбаев

Сүйүнбек Сырдыбаев: дары-дармектер өтө чоң бизнеске айланды

64
(жаңыланган 18:46 13.03.2017)
Учурда аталган тармакты жөнгө салган мыйзам долбоору иштелип чыгып, ЖКда каралууда.

Дары-дармектер өтө чоң бизнеске айланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине дары-дармектерди жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыккан топтун жетекчиси Сүйүнбек Сырдыбаев билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дары-дармектерди жөнгө салган мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, ЖКнын тармактык комитетинде каралды. Демилгеге ылайык, өлкөгө кирген ар бир дары каттоого алынып, көзөмөлдө болот.

"Учурда дары-дармектердин баасын көзөмөлдөгөн эч ким жок. Негизи мыйзам боюнча көзөмөлгө алынышы керек. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатат. Эгерде мыйзам долбоору ишке ашса дары-дармектердин баасы көзөмөлгө алынат", — деди Сырдыбаев.

Ал учурда дары-дармек жааты чоң бизнеске айланып кеткенин кошумчалады.

64
Белгилер:
мыйзам, дары-дармек, талкуу
Тема боюнча
ВИЧке кабылган балдар жыл соңуна карата дарылануудан өтө баштайт