Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Самарбек Болотбеков: ишембиликке миңден ашык шаар тургундары катышат

© Фото / Ринат ШамсутдиновАким Свердловского района Самарбек Болотбеков
Аким Свердловского района Самарбек Болотбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Свердлов райондук администрациясынын демилгеси менен борбор калаада 18-мартта ишембилик болот. Анда аталган райондун аймагына кирген 46 көчөдө тазалоо иштери жүргүзүлөт.
Самарбек Болотбеков: ишембиликке миңден ашык шаар тургундары катышат

Ишембиликке мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, коомдук уюмдар жана студенттер катышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков билдирди.

Анын айтымында, коомдук ишке миңден ашык шаар тургундары тартылат.

"Биздин демилгени 400 студент колдоду. Ошондой эле сот, прокуратура өкүлдөрү жана мектеп окуучулары катышат. Мындан тышкары, ырчылар, коомдук уюмдар, ишкерлерге айтылган. Жалпы миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө", — деди Болотбеков.

"Бишкек биздин таза шаар" урааны менен өткөрүлө турган иш-чарада таштанды чогултуу, арык тазалоо, дарактарды кыйыштыруу жана канаттууларга уя салуу иштери жасалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0