Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жанар Акаев: сейрек кездешчү жаныбарлар азайып кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев
КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаевдин айтымында, 2025-жылга чейин аңчылыкка чектөө киргизүү демилгеленүүдө.
Жанар Акаев: сейрек кездешчү жаныбарлар азайып кетти

Сейрек кездешчү жаныбарлар азайып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, учурда 2025-жылга чейин аңчылыкка мораторий киргизүү демилгеленүүдө.

"Буга чейин 2030-жылга дейре аңчылыкка тыюу салуу демилгесин көтөргөнбүз. Өкмөттөн колдоо таппай, артка кайтарылды эле. Эми өзгөртүүлөр киргизилип, 2025-жылга чейин чектөө киргизүүнү сунуштап жатабыз", — деди депутат.

Эл өкүлү өтө сейрек кездешкен жаныбарлар кыска убакытта азайып кеткенин кошумчалап, мыйзам долбоору кабыл алынса жакшы жыйынтык болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0