Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Депутат Субанбеков: Чүйдө окуучулар бир партага 3-4төн отуруп, үч сменде окуп жатышат

© Фото / пресс-служба партии "Бир Бол""Бир Бол" фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбековдун архивдик сүрөтү
Бир Бол фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты көйгөй ички миграциядан улам жаралганын кошумчалады.
Депутат Субанбеков: Чүйдө окуучулар бир партага 3-4төн отуруп, үч сменде окуп жатышат

Чүй өрөөнүндө окуучулар үч смен менен окуп жатышат. Бул тууралуу "Бир Бол" фракциясынын депутаты Бакирдин Субанкулов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Чүй өрөөнүндө окуучулардын көбү СССР доорунда курулган мектептерде окууга аргасыз.

"Балдар биздин келечегибиз деген менен алардын көйгөйлөрүн чечпей жатабыз. Чүй өрөөнүндө СССР убагында салынган 750 орундуу мектептерде 1500-2000 окуучу окуп жатат. Бир партага балдар 3-4төн отуруп, үч сменде окушат. Ал эми ажатканалары кичине болгондуктан кезек күткөн балдар жарым саатка чукул турушат экен", — деди Субанбеков.

Эл өкүлү маселе ички миграциядан келип чыккандыгын айтып, маселени өкмөттүк деңээлде чечүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0