Аравандык Анвар аттуу дыйкан көп жылдан бери күнөскана тармагын мыкты өздөштүргөн адис, жеке ишкер Бакай Алиев

Бакай Алиев: Кыргызстанда кышында дарбыз бышарына ишенген эмесмин

127
(жаңыланган 18:08 16.03.2017)
Ош облусунун Араван районунда биринчи жолу күнөсканада дарбыз бышты. Ар биринин салмагы 12 килограммга чейин жетип, 1200 сомдон сатылды.
Бакай Алиев: Кыргызстанда кышында дарбыз бышарына ишенген эмесмин

Адистер анча ишене бербегенине карабай, Араван районундагы Рахим аттуу дыйкан өз күнөсканасында 60ка чукул дарбыз өстүрө алганын күнөскана жаатындагы адис Бакай Алиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Кесиптешим күнөсканада дарбыз өстүрүү идеясын айтып, кеңеш сураганда, мен бул иштин ийгилигине ишенген эмесмин. Анткени ысыкты сүйгөн дарбызды сентябрь айынын аягында өстүрөм деп чечкен. Бактыга жараша, эмгеги акталып, бир сотых жерге айдаган дарбыздары жаңы жылдын алдында түшүм берди", — деди Алиев.

Маалыматка караганда, дыйкан дарбызды өстүрүүгө 8 миң сом жумшап, аны сатуудан 30 миң сом пайда көрдү.

127
Белгилер:
дыйкан, ишеним, дарбыз, күнөскана, Бакай Алиев, Ош
Тема боюнча
Кыргызстанда биринчи жолу күнөсканада дарбыз бышты. Адис менен маек
Global Education Foundation коммерциялык эмес уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов

Арзыкулов: чет өлкөдөн жаштардын билим алуусун каржылоочу уюм ачылды

195
(жаңыланган 15:05 29.11.2020)
Global Education Foundation коммерциялык эмес уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов чет өлкөдө билим алуу үчүн демөөрчү таап берген уюмдун ачылгандыгын айтты.
Арзыкулов: чет өлкөдөн жаштардын билим алуусун каржылоочу уюм ачылды

2021-жылдын күзүндө окуучулар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен АКШнын жана Европанын окуу жайларына жиберилет. Бул тууралуу Хабиб Арзыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдө билим алган тажрыйбалуу адистер уюмдун ишин жүргүзөт. Учурда финансы маселеси иштелип жатат.

"Global Education Foundation (GEF) жалпы билим берүүгө салым кошолу деген жакшы максат менен ачылды. Биз өзүбүз ишкерлик менен алек болобуз. Фонддун түптөөчүлөрү эки киши. Алардын бири — Алмаз Арапов. Ал 3-4 жылдан бери балдарды чет өлкөгө коммерциялык негизде окууга жөнөтүп келген. Анын тажрыйбасын жана менин да ишкерлер менен иштешүү тажрыйбамды эске алып, уюмду ачтык. Чет өлкөдө окуу ар биринин кыялы болуш керек. Ошол себептен сыртта окуп гана калбастан билим, тажрыйба алып, Кыргызстанга келип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот деген үмүттөбүз. Балдарды тандап алууда атайын критерийлерди койгонбуз. Тандоо ачык-айкын болушу үчүн билим берүүдө тажрыйбасы бар, таанымал адамдардан комиссия түзөлү деп жатабыз. Алар атайын конкурстук негизде тандашат. Негизги талап англис тилин жакшы билиши керек. Бюджеттик орундарга жараша мыктылары тандалып, чет өлкөгө жөнөтүлөт", — деди Арзыкулов.

Ошондой эле ишкер мугалимдердин кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу максатында тажрыйба алмашуу үчүн чет өлкөгө жиберүү, жакшы окуган окуучуларга стипендия төлөп берүү иштери да пландалып жаткандыгын кошумчалады.

195
Белгилер:
жаштар, чет өлкө, билим берүү
Тема боюнча
Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев

Орозбаев: аткарылышы изилденбегендиктен карама-каршы мыйзамдар жазылат

12
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү бийликтин маалымат алмашуусу чабал экенин айтты.
Орозбаев: аткарылышы изилденбегендиктен карама-каршы мыйзамдар жазылат

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар абдан көп. Бул тууралуу Бектурган Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым мыйзамдар жергиликтүү бийликтин ишин илгерилетпей эле, тескерисинче, тоскоолдуктарды жаратат. Бирок ал кабыл алынган мыйзам кандай иштеп жатат, таасири оңбу же терспи деп иликтенип, жыйынтык чыгарылбайт.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу аталган тармактагы бийлик органдарына тиешелүү мыйзамдардын кандай иштеп жаткандыгын иликтеген доклад даярдап, аны Жогорку Кеңешке жөнөттүк. Эми экинчи докладда дагы да жөнөкөйлөштүрүп, мыйзамдарды топторго бөлүп жазып чыгып президентке сунуштайбыз. Бул иликтөөнүн үстүндө иштеп жатканда көптөгөн ары кызыктуу, ары кейиштүү окуяларга күбө болдук. Мисалы, алыс барбай борбор калааны эле ала турган болсок, вице-мэрлерди мэр дайындайбы же ким тарабынан бекитилери мыйзамдарда так жазылбай калган. Ошондой эле аймактарда акысыз юридикалык консультация бере турган бирден юрист болуусу тууралуу мыйзам кабыл алынган, бирок аны аткаруу механизми көрсөтүлгөн эмес. Атайын штаттык бирдик бөлүнбөйт. Айыл өкмөтү же мэр юристти кызматка алуусу үчүн башка бир штаттык бирдикти бошотушу керек. Аймактарда бул чоң көйгөй. Анткени 5-10 миң сомдук айлык акыга эч ким барбайт. Ушул сыяктуу чийки жазылган жана бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар абдан көп. Мунун баары Жогорку Кеңештин өз функциясын так аткарбай жаткандыгында, анткени бул орган жазылган мыйзамдардын аткарылышын да көзөмөлдөшү керек", — деди Орозбаев.

Ал республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджетти теңдештирмейин өлкөдөгү экономикалык, саясий маселелер чечилбейт деген пикирин кошумчалады.

12
Белгилер:
көзөмөл, мыйзам, башкаруу
Тема боюнча
Орозбаев: Жогорку Кеңеш экинчи функциясын жакшы аткара албай келет
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

351
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

351
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда