Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алманбет Абдраманов: Ноокаттагы үлүш жерлер чет элдиктерге сатылган эмес

© Фото / Зульфия ТургуноваБашкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Алманбет Абдраманов
Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Алманбет Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун Ноокат районунда 130 гектардан ашык жер Өзбекстандын жарандарына сатылып кетти деген маалымат ырасталбаганын Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Алманбет Абдраманов билдирди.
Алманбет Абдраманов: Ноокаттагы үлүш жерлер чет элдиктерге сатылган эмес

Анын айтымына караганда, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын 142 жашоочусуна алты сотыхтан жер бөлүнүп берилген.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында үлүш жер кыргыз жарандарына гана берилгендиги аныкталды", — деп кабарлады Абдраманов.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 9-январында Жаңы-Ноокат айылынын бир катар тургундары жер тилкелери чет элдик жарандарга сатылып кеткендигин айтып маалымат жыйын өткөрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0