Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асылбек Насирдинов: "Улуу көчтү" өзүм жаратпагандай сезилет

Жазылуу
Асылбек Насирдинов анын жараткан чыгармалары жаштардын да табитине туура келерин белгиледи.
Асылбек Насирдинов: "Улуу көчтү" өзүм жаратпагандай сезилет

Белгилүү комузчу Асылбек Насирдинов күүлөрдүн жаралуу тарыхын айтып берди. Ошондой эле кыргыз музыкасына күүлөрдүн багыты боюнча жол салганын да кошумчалады.

"Мен күүлөрдүн багыты менен кыргыз музыкасына жол салдым деп ойлойм. Ал күүлөрдөн өзүнчө бир муун өсүп чыкты. Бул албетте мактангандык эмес. Биз мурун чет өлкөгө чыкканда, өзгөчө жаштардан "силердин ойногон кара күүңөр жакшы, бирок биз үчүн татаал, поп музыка менен айкалыштырсаңар кандай болот" деген сунуштарын айтышчу. Ошондон улам жаштар ушундай музыкага муктаж турбайбы деп күү чыгарып, аларды компьютердин үндөрү менен айкалыштырайын деген ой-максат болду", — деди ал.

Өнөрпоз мындай күүлөрдүн катарын "Улуу көч" толуктарын баса белгиледи. Андан сырткары, бул күүнү эмнегедир өзү жаратпагандай сезилерин кошумчалады.

Асылбек Насирдиновдун маегин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0