Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дарыгер Исраилова: палатанын жетишсиздиги эне-баланы ооруга чалдыктырышы мүмкүн

© Фото / Зульфия ТургуноваГлава Ошского стационара Зейнеп Исраилова
Глава Ошского стационара Зейнеп Исраилова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы төрөт үйүнүн имараттарынын бири башка мамлекеттик ведомствого ижарага берилип кетип, дарыгерлер анын кайра кайтарылышын чыдамсыздык менен күтүп жатат.
Дарыгер Исраилова: палатанын жетишсиздиги эне-баланы ооруга чалдыктырышы мүмкүн

Түштүк аймактан келген энелерди кабыл алып, ара төрөлгөн ымыркайларды жаткырууга Ош шаарындагы төрөт үйүндө палата жетишпей жатат. 4 орундуу палатага жети аялдын жайгаштырылышы гигиеналык жактан да туура эмес. Бул пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова билдирди.

"Учурда төрөт үйүндө төрт адамга ылайыкташкан бөлмөдө жетиден аял жатат. Балдардын жана жаңы төрөгөн энелердин жабыркоосуна алып келет. Инфекция бири-бирине жугушу мүмкүн. Палатага мындай болуп топтолушу эрежеге туура келбейт", — деди дарыгер.

Анын айтымында, палатанын тартыштыгынан улам ашкананы да палатага айлантууга мажбур болушкан.

Исраилова мындай жагдай төрөт санынын өсүп жана төрөт үйүнүн имараттарынын бири Баңгизат көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын түштүк башкармалыгына акысыз ижарага берилип кеткендигинен улам жаралганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0