Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурдин Султамбаев: футбол сүйүүчүлөр билет алуу системасына көнө баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин архивдик сүрөтү
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең, 28-мартта, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Макао командаларынын ортосунда футболдук мелдеш өтөт.
Нурдин Султамбаев: футбол сүйүүчүлөр билет алуу системасына көнө баштады

Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондогу чөптөр жаз кечеңдегенине байланыштуу жакшы чыга элек - Sputnik Кыргызстан
Борбордук стадиондогу такыр жерлер футболчуларды кооптондурбайбы?
Кыргызстанда футбол көрүү тартиби оңолуп, көрөрмандар билет алуу системасына көнө баштады. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Эртең, 28-мартта, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Макао командаларынын ортосунда футболдук мелдеш өтөт.

Буга байланыштуу мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы стадион толугу менен оюнга даяр экендигин билдирип, көрүүчүлөрдү кызыктуу оюн күтөт деген үмүттө.

"Футбол — абдан кызыктуу оюндардын бири. Ошондуктан көрөрмандар мурдагы мелдештердей эле мында да көп келет деп ойлойбуз. Коопсуздук кызматкерлери тартипти жакшы карап берсе, буюрса, эртеңки оюн жакшы өтөт болуш керек. Футбол сүйүүчүлөр, көрөрмандар азыр билет алуу системасында көнүп келе жатат. Байкашыбызча көрөрмандардын маданияты да жакшы нукка өзгөрүп бара жатат", — деди Султамбаев.

Футбол сүйүүчүлөр оюнга билеттерди 200 сомдон 500 сомго чейин стадиондун кассасынан алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0