Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Марс Ибраев: муфтийликке талапкер үч адамды алгач комиссия сынактан өткөрөт

© Фото / Акматов ТынчтыкАалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев. Архив
Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтийлик шайлоого катыша тургандар өздөрүн-өздөрү жана андан сырткары, аларды жамааттар да көрсөткөн.
Марс Ибраев: муфтийликке талапкер үч адамды алгач комиссия сынактан өткөрөт

Жаңы муфтийдин шайлоосуна үч талапкер — азыркы муфтий Максат Токтомушев, Чубак Жалилов жана Ниязалы Арипов катталды. Аларды алгач атайын комиссия сынактан өткөрөт. Бул туурасында Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"29-30-апрелде тогуз адамдан тургана тайын комиссия аларды сынактан өткөрөт. Мында алардын диний билими, Кыргызстандын Баш мыйзамын билүү деңгээли текшерилип, болочоктогу муфтий катары программасы талкууга алынат", — деди ал.

Ибраев талапкерлерди өздөрүнөн сырткары жамааттар да көрсөткөнүн кошумчалады.

"Үч талапкер өздөрүн өздөрү көрсөттү. Андан сырткары жамааты, топ инсандар сунушташты", — деди ал.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилиги — өлкөнүн муфтийлигине шайлоо 4-апрелде болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0