Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Канай Анаркулов: музыкасыз той жакшы өтпөй калабы деп кооптонгом

© Фото / Талгат ДавлетбаевТамада Канай Анаркуловдун архивдик сүрөтү
Тамада Канай Анаркуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы күндөрү Бишкекте музыкасыз үлпөт той өткөрүлдү.
Канай Анаркулов: музыкасыз той жакшы өтпөй калабы деп кооптонгом

Ыр-бийи жок тойду алып бара аларына көзү жеткени менен анын жогорку деңгээлде шаңдуу болоруна анча ишене бербегенин тамада Канай Анаркулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Эки жаш жана кыздын төркүнү беш маал намаз окуган адамдар экен. Жигит тарап башында музыкасыз тойго анча ынанбай жаткан. Атургай мындай тойду өткөрбөй эле коелу деген да сөздөр чыккан. Бирок биз тойду музыкасыз эле шаңдуу өткөрө алдык. Каалоо-тилектер көбүрөөк айтылып, музыкасыз оюн-зооктор уюштурулду. Эл тамаданы кунт коюу менен угуп, айтор, гармониялуу той болду", — деди Анаркулов.

Анын айтымында, той беш саатка созулган.

Бишкекте өткөн өзгөчө тойлор тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0