Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шерипова: Нарынга кеткен жол көчкү атып түшүрүү иштеринен улам жабылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипованын архивдик сүрөтү
ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстандын тоолуу жолдорунда кооптуулук жараткан кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери тынымсыз жасалууда.
Шерипова: Нарынга кеткен жол көчкү атып түшүрүү иштеринен улам жабылды

Кыргызстандагы табигый кырсыктар каттала турган кооптуу аймактар. Карта - Sputnik Кыргызстан
Табигый кырсыктар каттала турган кооптуу жерлер
Казарман — Актал-Чат жана Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолдорундагы кар көчкү түшүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарда учурда артиллериялык аттыруу иш-чаралары жүрүүдө. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Элмира Шерипова Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарларды.

Бул иштерди жеринде ӨКМдин ыкчам тобу жетектеп жатат. Мисалы, 24-мартта кечки бештерге чукул Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында көчкү кооптуулугу бар аймакта 12 ирет аттыруу болгон. Жыйынтыгында болжол менен 130 миң куб метр кар түшкөн. Анын ичинен 22 миң кубдан ашууну унаа жолдун 150 метр бөлүгүн басып калгандыктан, эки тараптуу каттам убактылуу жабылган. Кар массасын тазалоо үчүн атайын төрт инженердик техника тартылган. 30-март күнү түнкү 1:30дар чамасында бир тараптуу ачылган.

"Бүгүн 30-март күнү ушул эле аймакта, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында кар көчкүнү экинчи ирет түшүрүү иштерине байланыштуу 11:00дөн 17:00гө чейин жабылды", — деди Шерипова.

Буга чейинки маалыматтарда аталган тилке Кара-Үңкүр капчыгайынын аймагы экендиги айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0