Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султангазиев: монополиядан улам онкологиялык дарылар 4-5 эсе кымбат болууда

© Sputnik / Табылды КадырбековПредставитель общественного совета Министерства здравоохранения Айбар Султангазиев
Представитель общественного совета Министерства здравоохранения Айбар Султангазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда мамлекеттик мекемелердин алдында түзүлгөн коомдук байкоочу кеңештердин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрдү.
Султангазиев: монополиядан улам онкологиялык дарылар 4-5 эсе кымбат болууда

Кыргызстанда дары-дармектерди сатып алуу иштери тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүктөн онкологиялык дарылар бир топ кымбат алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин башчысы Айбар Султангазиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү монополиялык компаниялардын айынан айрым дарылардын наркы Европа өлкөлөрүндөгү баадан да жогору.

"Өлкөдө онкологиялык ооруларга колдонулган дарылар 4-5 эсе кымбат. Муну мен ишеничтүү айта алам. Андан башка Кыргызстанда Европанын айрым өлкөлөрүнө салыштырмалуу жогору баада сатылган дары-дармектер да бар. Себеби аларды бир эле фармацевтикалык компания алып келип, башка компанияларды да иштетпей", — деди Султангазиев.

Ошондой эле ал Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармектерди сатып алуу, көзөмөлдөө ишинде аксап жаткандыгын айтып, бааларды мониторингден өткөрүү зарылчылыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0