Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акимжан ажы : ажылык баасына кошулган 160 долларга кондиционер коюлат

© Фото / пресс-служба ДУМК КРКР муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешовдун архивдик сүрөтү
КР муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы ажылыктын баасы дагы 160 долларга кымбаттады.
Акимжан ажы : ажылык баасына кошулган 160 долларга кондиционер коюлат

КР муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов эмне себептен кошумча акча кошулуп жатканын мындайча түшүндүрүп берди.

"160 доллардын кошулуп жатышы быйылтан тарта ажылык сапары эң ысык учурга туш келип жаткандыгынан болууда. Сауд Аравиянын аймагындагы шарт өтө катаал, жайдын саратанында аба ырайы 50-55 градуска чейин ысыйт. Андыктан Ажылык министрлиги зыяратчыларга шарт коюп, кондиционери бар чатырларга жайгашууну сунуштап жатат. Ал чатырлар отко туруктуу жана салкын келет," — деди ал.

Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият: ажылыкка барчуларды каттоо иши аяктап, 4924 жаран арыз берди
Эргешов башында Сауд Аравиянын ажылык министрлиги кошумча 200 доллар төлөө керектигин айтканын, бирок КР муфтийи барып сүйлөшүп, бааны 40 долларга арзандатып, 160 долларга макулдашып келгенин баса белгиледи.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы ажылыктын баасы коңшуларга салыштырмалуу 600 долларга арзан экенин айтты.

Белгилей кетсек, быйыл кыргызстандык зыяратчылар үчүн Сауд Аравиясы 4 585 орун бөлгөн. Ажылык сапардын баасы буга чейин 2600 доллардын тегерегинде болору айтылып, анын 1550 доллары жол киреге кетмек.

Жаңылыктар түрмөгү
0