Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Артур Медетбеков: мигранттар зарыл болбосо эч жакка чыкпай эле коюшу керек

© Фото / Бакай М."Альфа-антитеррор" коомдук уюмунун төрагасы Артур Медетбековдун архивдик сүрөтү
Альфа-антитеррор коомдук уюмунун төрагасы Артур Медетбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын отставкадагы генералы, "Альфа-антитеррор" коомдук уюмунун төрагасы Артур Медетбеков жардыруу учурунда эл көп жерге барбоо керектигин кошумчалады.
Артур Медетбеков: мигранттар зарыл болбосо эч жакка чыкпай эле коюшу керек

Цветы в память о погибших в метро Санкт–Петербурга - Sputnik Кыргызстан
Петербургдагы жардыруудан улам үч күндүк аза күтүү жарыяланды
Чет жакта жүргөн мигранттарыбыз бөлөк-бөтөн буюмдардан оолак болуп, зарыл болбосө эч жакка чыкпай үйдө эле отурушу керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине УКМКнын отставкадагы генералы, "Альфа-антитеррор" коомдук уюмунун төрагасы Артур Медетбеков билдирди.

Белгилей кетсек, 3-апрелде Петербургдагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда жардыруу болгон. Андан 11 киши каза болуп, 50гө чукул киши жаракат алды. Айрым ЖМКлар теракт уюштурган жан кечти Орто Азиядан чыккан жаран экенин жазып чыгышты.

"Кыргызстандын күч түзүмдөрү бардык аракетерди көрүп, теракт боюнча алдын алуу иштерди жасап жатышат. Терроризмге каршы күрөшүүдө коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, эл дагы жардам бериши керек. Ал эми чет жактагы мигранттарыбыз эл чогулган жерден алыс жүрүүгө аракет кылышы зарыл", — деди Медетбеков.

Мындан сырткары, учурда жардырууга Орто Азиянын тургуну шектелип жаткандыктан улутчулдардан сак болуу зарылдыгына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0