Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акылбек Жамангулов: өрт өчүрүүчүлөрдүн кызматтык кийимине 20 жылдан ашты

© Фото / Атабек ЖамангуловДепутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов
Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангуловдун айтымында акырындык менен өлкө боюнча өрт өчүрүүчүлөрдүн кызматтык кийимдерин жаңылоо зарыл.
Акылбек Жамангулов: өрт өчүрүүчүлөрдүн кызматтык кийимине 20 жылдан ашты

Өрт өчүрүүчүлөрдүн кызматтык кийимдери 20 жылдан бери алмаша элек. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн "Өрт коопсуздугу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу демилгени карашты.

"Учурда чоң базарларда өрт чыгып кетсе өрт өчүрүүчү унаалар эмес куткаруучулар кире албайт. Ушул маселени көтөрүп, Экотехинспекция көзөмөлгө алуусу керек. Мындан сырткары, алардын атайын кызматтык кийимине 15-20 жылдан ашты. Кызматтык кийимдерин облус-облус кылып акырындык менен жаңылашыбыз керек", — деди депутат.

Ал аталган маселени өкмөт тез арада чечиши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0