Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмаз Эргешов: райондордун борборлорунда гана өрт өчүрүүчү унаалар бар

© Фото / предоставлено Алмазом ЭргешовымДепутат от фракции "Кыргызстан" Алмаз Эргешов
Депутат от фракции Кыргызстан Алмаз Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешовдун айтымында 3-4 айыл өкмөткө бирден өрт өчүрүүчү унаа болсо жакшы болмок.
Алмаз Эргешов: райондордун борборлорунда гана өрт өчүрүүчү унаалар бар

Райондордун борборлорунда гана өрт өчүрүүчү унаалар бар. Бул тууралуу "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн "Өрт коопсуздугу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу демилгени карады.

"Бүгүнкү күндө райондордун борборунда гана өрт өчүрүүчү унаалар бар. Ал эми 60-70 чакырым алыстыкта жайгашкан айылдарда өрт чыкса өрт өчүрүүчү унаалар жеткенче баары күйүп бүтүп, куткаруучулар жөн гана статистиканы жазып коюшууда", — деди Эргешов.

Депутат 3-4 айыл өкмөткө бирден өрт өчүрүүчү унаа болсо жакшы болоорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0