Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аскарбекова: шаардыктар шектүү буюмдарды көрсө, дароо милицияга кабарлашы зарыл

© Фото / пресс-служба МВД КРСотрудница пресс-службы УВД города Бишкек Майрамкул Аскарбекова
Сотрудница пресс-службы УВД города Бишкек Майрамкул Аскарбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык милициясы шаардыктарды жана калаа конокторун бул күндөрү коомдук жайларда кыраакы болууга чакырды.
Аскарбекова: шаардыктар шектүү буюмдарды көрсө, дароо милицияга кабарлашы зарыл

7-апрель Элдик революция күнүнө карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын тескөөчүсү Майрамкүл Аскарбекова кабарлады.

Бул күнү борбордук көчөлөрдүн айрым бөлүктөрүндөгү кыймылдарга чектөө коюлат.

Коомдук-саясий абалды туруксуздаштырып жиберүүгө бөгөт кое турган ыкчам штаб түзүлүп, андан сырткары, бүгүнтөн баштап алдын алып эскерткен жана ыкчам-издөө кызматтары иштемекчи.

"Коомдук жерлерде, унаа токтотуучу жана коомдук автотранспорттогу шектүү жана белгисиз буюмдарды таап алганда, аларга тийип, ордунан жылдырып же жашырууга жана башка аракеттерди көрүүгө тыюу салынат. Дароо милицияга, 102 номерине чалуу зарыл", — деп айтты Аскарбекова.

ШИИББ өкүлү майрамдык иш-чаралары учурунда борбордук "Ала-Тоо" аянтынын кире беришинде милиция металл тапкыч менен элди текшерип киргизгендиктен калктан түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0