Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адылов: Токтосун Тыныбековдун 90 жылдыгына карата айтыш анын кичи мекенинде өтөт

© Фото / Мирбек Мунарбек уулуТоктосун Тыныбеков атындагы коомдук фонддун төрагасы Шекербек Адылов
Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонддун төрагасы Шекербек Адылов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык деңгээлде өтө турган айтыштын байге фонду 500 миң сомду түзөт.
Адылов: Токтосун Тыныбековдун 90 жылдыгына карата айтыш анын кичи мекенинде өтөт

1-май күнү Аксы районунун Тегене айылында ак таңдай акын Токтосун Тыныбековдун 90 жылдыгына карата республикалык айтыш өтө турганын Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонддун төрагасы Шекербек Адылов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылына катара өткөрүлгөн иш-чарага аталган фонд менен биргеликте Маданият жана маалымат министрлиги демилгечи болууда.

"Айтыш акындын кичи мекени Тегене айылында өткөрүлөт. Ага ар кайсы региондордон тандалып алынган 16 акын катышат", — деди Адылов.

Айтыштын байге фонду 500 миң сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0