Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурбек Мурашев: дыйкан-фермерлерди колдоого 7 млрд. сомго чейин насыя берилет

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин архивдик сүрөтү
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр бүгүнкү күндө жазгы талаа иштерине 1 миллиард 241 миллион сом насыя берилгенин белгиледи.
Нурбек Мурашев: дыйкан-фермерлерди колдоого 7 млрд. сомго чейин насыя берилет

Балыкчы шаарында Оберон ЖЧКсынын жер-жемиш сактаган ири логистикалык борбору ачылды - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыда 4,5 млн. долларлык жер-жемиш сактаган ири кампа ачылды
"Айыл чарба тармагын каржылоо-5" долбоорунун алкагында жалпы 7 миллиард сомго чейин насыя берилет. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев аталган долбоор жана айыл чарбасын кайра иштетүү, өнөр жай тармагын колдоо боюнча маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жазгы талаа иштерине 1 миллиард 241 миллион сом насыя берилди.

"Азыркы тапта насыя берилип жаткан алты банкта жалпысынан 2 миллиард 100 миллион сом каражат бар. Дыйкандар мал чарбачылыгына, өсүмдүк өстүрүү тармагына 10 пайыз, кайра иштетүү тармагына 6 пайыз жылдык үстөк менен 36 айга насыя алууга мүмкүнчүлүгү бар", — деди Мурашев.

Аталган жыйында тийиштүү документтер толук болсо, үч күндүн аралыгында насыя алууга болору белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0