Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Канымбеков: мамыдагы прожектор менен айылдыктардын тишин карачумун

© SputnikЧүй облусунун Күнтуу айылдык кеңештин депутаты, тиш доктур Адилет Канымбеков маек учурунда
Чүй облусунун Күнтуу айылдык кеңештин депутаты, тиш доктур Адилет Канымбеков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш стоматолог Адилет Канымбеков жаз келери менен жакшы иш демилгелеп, жеке каражатынан Чүй облусунун Күнтуу айыл аймагына жети аялдама куруп берген.
Канымбеков: мамыдагы прожектор менен айылдыктардын тишин карачумун

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде алгачкы жумуш күндөрүндөгү кызыктуу окуялардан айтып берди.

"Мен 3-курста окуп жүргөндө бир чач тарач досум тишин дарылап берүүнү суранды. Макул болуп акысыз жасап пломба коюп бердим. Анан эле эки сааттан кийин чалып "жанагы койгон тишиң түшүп калды" десе болобу… Аябай коркуп ошол жерде тиш доктур болгонума өкүнүп, мындан көрө юрист болсом болмок деп ичимден сүйлөнүп жаттым. Анан эртеси кайра чакырып мугалимдин көзөмөлү менен коюп бергем", — деди стоматолог.

Ошондой эле ал жаш тиш доктур катары айылдын "жылдызына" да айланганын кошумчалады.

"Жаңыдан иштеп баштаганда бир-эки досум менден тишин дарылатып айылга аябай мактап барышыптыр. Ошентип айылдын "жылдызына" айланып кеттим. Көчөдөгү бир электр мамысына прожектор коюлган болчу, ошонун жарыгы менен тиштерин карап ар кандай диагноз коё берчүмүн. Алар да мага ишенип, артта 20-30дайы кезекке туруп калчу. Азыр ошол күндөрдү эстесем күлкүм келет", — деди Канымбеков.

Канымбеков учурда атасы негиздеген клиниканы иштетип келет. Жакында өзүнүн жеке клиникасы дагы ишке кирерин кошумчалады.

Адилет Канымбеков менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0