НТС телеканалында кылмыш, кырсык, мыйзам бузууларды чагылдырган "ТВ Кайгуул" берүүсүнүн алып баруучусу Азият Жекшеев көп убакытка чейин белгилүү саясатчынын баласы экендигин коомчулуктан жашырып жүргөн. Мунун себебин ал өз кесиби менен байланыштырат.
"Саясатчы Жыпар Жекшеевдин баласы экенимди эч кимге айтпай, жакшы эле жашырып жүргөм. Кызыгып сурагандардан "жөн гана фамилиябыз окшош" деп койчумун. Кийинчерээк эл билип калды окшойт. Биз берүүбүздү тартып жүргөн учурда ортого тааныш салып, өз иштерин бүтүрүп кетүүнү, аларды видеого тартпоону сурангандар бар. Айрым учурда биздин берүүгө атка минерлер дагы түшүп калат. Мындай учурда атамды тааныгандар болсо дароо ортого салышат. Биздин жумушта тааныш деген болбошу керек. Эгер мыйзамды бузса жооп бериши керек", — деди Жекшеев.
Ал ошондой эле атасы анын берүүсүн калтырбай көрүп, кеп-кеңештерин дайыма берип тураарын кошумчалап, анын биринчи сынчысы экенин баса белгиледи.
Акматбековдун айтымында, 2020-жылдын аягында активдүү жүргүнчүлөрдүн арасында конкурс уюштурулуп, бир ай бекер жүрүү үчүн карта белекке берилген.
"Долбоор ишке киргенден бери бишкектиктер 140 миңге жакын көк стандарттык карталарды сатып алышты. 42 миңден ашык кызыл карталар жеңилдетилген категориядагы жарандарга берилди жана дээрлик 10 миңдей мектеп окуучулары жашыл карталарга ээ болду. Эми мектеп карталарын долбоордун сайтынан онлайн режимде алса болот. Ошондой эле биз жакында NFC технологиясынын жардамы менен төлөмдөрдү аралыктан жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн киргиздик. Эми виртуалдык картаны Android смартфондору аркылуу алып, жүрүү акысын төлөй аласыз. Ал 31-январга чейин акысыз", — деди Акматбеков.
Адис былтыр Бишкекте 1-марттан баштап муниципалдык транспортко жол кирени төлөө электрондук карталар аркылуу жүргүзүлө баштаганын эске салды.
Кесибим боюнча маркетологмун. Биринчи жеке ишимди баштаганда 21 жашта элем. Bugu Sweaters бренди менен бугунун сүрөтү түшүрүлгөн жемпирлерди сата баштагам. Алгач товарды сырттан келишим түзбөй эле акча жөнөтүп жиберип алданып калгам. Бул тууралуу Темирхан Жолонбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкекте балдар кийими эки дүкөндө сатылып, франшизасы Кара-Балта, Балыкчы шаарларында да бар.
"Кайсы гана бизнес өнөктөш болбосун сөзсүз түрдө ал адам менен көрүшүп, келишимдин негизинде иштөө керек. Биринчи иш баштаганымда чоң суммадагы акчага алдап кетишкен. Алгач товарга келишими жок эле буюртма берип, акчасын төлөгөм. Кийимдерди көп күткөнүбүз аз келгенсип, сапаты да начар болуп чыккан. Ошондон кийин аны Кыргызстанда тигүүгө өттүк. Башында кардарлар бизде өндүрүлгөн продукцияга анча ишеним артпай жатышты. Себеби өлкөбүздө сапатсыз эле кийимдер чыгарылат деп ойлошчу. Тажрыйбанын аздыгынан улам убакыт менен каражатты кетирдик, бирок акыры рынокто өз ордубузду таба алдык. Эң башкысы өз убагында ачып, кайра өзүм жаптым. Үч жыл иштеп, продукцияны Казакстан, Өзбекстан, Россияга чейин экспорттодук. Ошентип 2020-жылдын башында бизнес-долбоорду сатып жибердим. Бул стартап мага көп билим, тажрыйба, күч-кубат берди. Эң негизгиси иштөөгө, чыдамкайлыкка, кулагандан кийин турууга үйрөндүм. Азыр беш жашка чейинки кичинекей бөбөктөрдүн кийимин өндүрүп жатабыз. Кездемеси Токмоктогу ишканада чыгарылат, фурнитуралары сырттан алып келинет", — деди Жолонбеков.
Ишкер ушул жылдын май айларында товарларын чет мамлекетке чыгаруу планы бар экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын айрым шаарларында макулдашылбаган каршылык акциялары болуп өттү. Төмөндө окуянын урунттуу учурларын сунуштайбыз.
РИА Новости кабарлаганына караганда, Москвадагы Пушкинский аянтына чыккан митингчилер полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Укук коргоочулар аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Митингчилер ак сыр куюлган банканы ыргытып, ал тартип сакчыларына барып тийген.
Саламаттык сактоо департаменти "Социалдык мониторинг" тиркемесиндеги маалымат боюнча Пушкинский аянтындагы акцияда COVID-19 жуктурган 19 адам жүргөнүн кабарлаган.
Москвадагы макулдашылбаган акциянын айынан жол тыгын жаралганын Транспорт департаменти билдирди. Шаардык метрополитен митинг болуп жаткан аймактан 2,6 миң адам метро менен кеткенин кабарлаган. Аянттан 15 киши кармалып, кээ бирлери кайра коё берилген.Москвадагы макулдашылбаган митинг учурунда полициянын 39 кызматкери жабыркаганын РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди. Кийинчерээк РФтин Тергөө комитети полицейлерге карата зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады
Екатеринбургда болсо полиция кызматкерлери үн күчөткүчтөр менен акция макулдашылбаганын эскертип, элди тарап кетүүгө чакырышкан. Бирок топтошкон адамдар тартип сакчыларын көздөй кар жана түтүн чыгарган каражаттарды ыргыта баштаганда аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Кийин 14 киши кармалганы маалым болду.
Иркутскиде болсо 2,5 миңге жакын адам макулдашылбаган акцияга чыкканын шаардык администрациядан билдиришкен.
Владивостокто бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө аракеттеринин негизинде ОМОНдун кызматкерине күч колдонгон адам табылган. Ал 28 жаштагы Владивостоктун жашоочусу экени аныкталды.
Мурманскинин борбордук аянтындагы макулдашылбаган акцияга 550гө жакын адам чыккан. Алар бир аз туруп эле тынч тарап кеткен.
Жума күнү АКШнын Россиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. РФтин Тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Россиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын айтты.
РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында (Анда Россия ТИМинин имараты жайгашкан) жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгиледи.
Өзгөчө көңүл окуучуларга бөлүндү. Ата-энелерге балдарын акциядан "калкалоо" сунушталды.