Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Салянова: Дача айылынын жашоочуларынын маселесин тез арада чечүү зарыл

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кенеш ознакомился с итогами работы временной депутатской комиссии по расследованию факта задержания Н.Тюлеева
Жогорку Кенеш ознакомился с итогами работы временной депутатской комиссии по расследованию факта задержания Н.Тюлеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, маселе 3 айдан бери чечилбей жатат.
Салянова: Дача айылынын жашоочуларынын маселесин тез арада чечүү зарыл

Дача айылындагы учак кырсыгынан жабыкагандардын маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатат. Бул маселени "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап, 39 киши каза болгон.

"Үч айдан бери Дача айылындагы кырсыктан жапа чеккендерге компенсация төлөнбөй, чогулган акча бөлүнгөн жок. Ал эле эмес, жер маселеси да чечилбеген бойдон турат. Анан "маселени чечип бергиле" деп митингге чыккандарды камап жатат. Ушундай да акмакчылык болобу?" — деди депутат.

Салянова убакытты созбой, маселени бүгүн күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жооп иретинде митингге чыккандар эмес, Дача айылынын тургундарын алдоого шектелгендер кармалганын айтып, учурда тергөө жүрүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0