Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Премьер Жээнбеков: табыгый кыйынчылыктарга туруштук берүүгө мүмкүнчүлүктөр бар

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт мүчөлөрүнүн алдына табыгый кырсыктар коркунучу бар аймактардан элди көчүрүү тапшырмасы коюлду.
Премьер Жээнбеков: табыгый кыйынчылыктарга туруштук берүүгө мүмкүнчүлүктөр бар

Кыргызстан боюнча сел жана жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган эл коопсуз аймактарга көчүрүлүшү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр жыйын учурунда өкмөттүн курамына айтты.

"Быйыл алдын-алууга жасалган аракеттерге карабай, табыгый кырсыктар болуп кетти. Бул кыйынчылыктарга туруштук беришибиз керек жана буга биздин толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.  Азыр Жарандык коргонуу багытында күчөтүлгөн тартип киргизишибиз зарыл", — деди Жээнбеков.

Премьер ошондой эле бул максатта тиешелүү аракеттер жасалып, көчүрүү иштери кечиктирилбей башталышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0