Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мураталиев: кыргызда элден чыгып калуудан өткөн жаза жок

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз таануучу Мелис Мураталиев маек учурунда
Кыргыз таануучу Мелис Мураталиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз таануучу Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маектешип, кыргыз элинин каадасы менен салты, философиясы тууралуу кызыктуу кеп салып берди.
Мураталиев: кыргызда элден чыгып калуудан өткөн жаза жок

Кыргызда элден чыгып калуудан өткөн жаза жок. Бул тууралуу "Бакдөөлөт" коомдук фондусунун жетекчиси Мелис Мураталиев өзүнүн маегинде айтып берди.

Анын айтымында кыргызда өлүм жазасы болуп, ал ууруга, калпычыга жана чыккынчыга колдонулган.

"Мамлекетте темирдей тартип өкүм сүрүп, калп айткан, ууру кылган, анан чыккынчылык жасаган адам өлүм жазасына тартылган. Жаза анын үй-бүлөсүнө да жайылган, башкача айтканда кылмышкердин башы алынып, атасынын же улуу агасынын мойнуна илинген. Тигилердин аны алып салууга укугу жок болчу. Мындан улам эл аталган үй-бүлөдөн калпычы, чыккынчы же ууру чыкканын билип турган. Бул үй-бүлө өзүнөн өзү элден чыгып калган. Ал эми кыргыз үчүн элден чыгып калгандан өткөн жаман нерсе жок", — деди Мураталиев.

Мелис Мураталиев менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0