Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыков: кылмышкер акмалап жүрүп кыздар жалгыз калганда кол салчу экен

© Фото / Зульфия ТургуноваПресс-секретарь ГУВД Оша Замир Сыдыков
Пресс-секретарь ГУВД Оша Замир Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектелип Ош шаарында убактылуу жашаган 21деги жаран кармалды.
Сыдыков: кылмышкер акмалап жүрүп кыздар жалгыз калганда кол салчу экен

Ош шаарында үч кызды зордуктоого шектелип 21 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, март-апрель айларында шаардык ички иштер башкармалыгына зордуктоо жана тоноо фактылары боюнча үч кыздан арыз түшүп, көрсөтмөлөрүнөн улам кылмышкер бир эле адам экени аныкталган.

"Шектүү жаран түнкүсүн шаардагы кафе-ресторандарды акмалап кыздар жалгыз калганда барып кол салчу экен. Ал 24 жаштагы кызды "Мээрим" ресторанынан чыкканда зордуктап, 5300 сом акчасын карактап кеткен. Ал эми "Капитал" ресторанынын арт жагынан 19 жаштагы жана "Корзинка" дүкөнүнөн чыгып бара жаткан 27 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган", — деди Сыдыков.

Кылмышка шектелип Ош шаарында убактылуу жашаган 21деги жаран кармалды. Ага карата кылмыш жаза кодексинин 129 (зордуктоо) жана 167 (тоноо) беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0