Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Уметалиева: доула кесибин аркалаш үчүн атайын курстан өттүк

© Sputnik / Жоомарт УраимовПомощница при родах, доула Жамиля Уметалиева
Помощница при родах, доула Жамиля Уметалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жыл мурун Кыргызстанда доула кызматы пайда болгон. Аны грек тилинен которгондо "кызматчы" дегенди билдирет. Доула аялзатынын боюнда бар маалдан тартып ага төрөт учурунда, төрөттөн кийин жардам көрсөтөт.
Уметалиева: доула кесибин аркалаш үчүн атайын курстан өттүк

Доула кесибин аркалоо үчүн атайын курстан өткөнүн жаңыдан пайда болуп келе жаткан кесиптин ээси Жамиля Уметалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, доуланын өзөгү кыргыздарда калыптанган. Боюнда бар келиндерге, алардын төрөтүнө илгертеден эле апалар, эже-сиңдилер түрдүү кызматтарды көрсөтүп келишкен. Уметалиева унутулуп калган нерсе убакыттын өтүшү менен кайра келерин белгиледи. Бул кызмат Кыргызстанда бир жылдан бери иштеп келет. Ушу тапта Бишкекте бул жаатта эмгектенген төрт кызматкер бар.

"Бир тууган сиңдимдин төрөтүнө катышкам. Ошондо кош бойлуу аялдарга моралдык жактан колдоо, жардам зарыл экенин түшүндүм. Анан бул кесипке кызыгып интернеттен маалыматтарды издей баштадым. Орусияда атайын доулалардын ассоциациясынын төрт айлык онлайн курсун окудум. Окуунун 70 пайызы психологиялык жардам, калган бөлүгүн гинекологиялык негиздер түздү", — деди Уметалиева.

Бул кызмат Кыргызстанда бир жылдан бери иштеп келет. Ушу тапта Бишкекте бул жаатта эмгектенген төрт кызматкер бар.

Жамиля Уметалиева менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0