Ыйман фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков. Архив

Кадырбеков: мусулман балдар бакчаларын компетенттүү адистер көзөмөлдөш керек

36
Акыркы кездерде Кыргызстанда мусулман балдар бакчалары көбөйүп баратат. Алардын окуу программасы, ишмердүүлүгү көзөмөлдө алынып-алынбай жатканы тууралуу тиешелүү органдардан жооп ала алган жокпуз.
Кадырбеков: мусулман балдар бакчаларын компетенттүү адистер көзөмөлдөш керек

Ал эми президенттин алдындагы "Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков алардын ишин текшерип, жөнгө салуу үчүн диний билими бар, компетентүү адистерден турган кеңеш түзүү зарылдыгы бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Коомдогу көп маселелер талапка жана сунушка жараша чечилет. Чындыгында, балдарыбыз илим-билимдүү болсун, динди үйрөнсүн деген катмар көбөйүп баратат. Ошол себептүү билмексен болуп, светтик мамлекетпиз деп жүрө бербей, компромисттик жолун табышыбыз керек. Дүйнөдө мындай практика бар. Ал үчүн атайын стандарттарды иштеп чыгып, ошого жараша лицензия беришибиз керек", — деди ал.

Ошондой эле ал Кыргызстанда бул иштер колунан келчү, светтик дагы, диний дагы билими бар жаштар көп экенин кошумчалады.

Мусулман бала бакчалары тууралуу кенен макаланы Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

36
Белгилер:
адистик, балдар бакчасы, дин, Нуржигит Кадырбеков
Тема боюнча
Кыргызстанда мусулман балдар бакчасы көбөйдү. Бөбөктөр кандай тарбия алып жатат
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова. Архивдик сүрөт

Естебесова: тамеки чеккендер COVID-19ду жеңил көтөрөт деген жаңылыштык

143
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова чылым тартуунун коронавирус инфекциясына тийгизген таасири туурасында айтып берди.
Естебесова: тамеки чеккендер COVID-19ду жеңил көтөрөт деген жаңылыштык

Тамеки тарткан адамдар коронавирус менен ооруса жеңил көтөрөт деген жаңылыш пикир. Мындай оюн Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна https://sputniknews.com/popup_radio/14/s маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жеке өзүнүн тажрыйбасында чылым тарткандар менен тартпаган адамдар ортосунда оорунун оор же жеңил өткөн айырмачылыгын байкаган эмес.

"Тамеки тарткан адамдар тартпаган кишилерге караганда коронавирус менен ооруп калса көп кыйналбайт деген пикир, менимче, жаңылыштык. Азырынча бул оору жаңы болуп, көп жагынан илимге белгисиз болуп жатат. Андыктан маалыматым азыраак. Бирок иш жүзүнө келгенде, коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан медик катары айтсам, менин тажрыйбамда тамеки чеккени деле, чекпегени деле бирдей оорушту. Айрым тамеки чекпеген адамдар жеңил көтөрсө, чеккендери катуу кыйналган учурлар деле болду. Андыктан бул маалыматка анчейин ишене бербей турам", — деди Естебесова.

Дарыгер тамеки чегип жүрүп коронавирустун жеңил түрү менен ооругандардын көп кыйналбаганына башка нерсе себеп болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

143
Белгилер:
чылым, пневмония, коронавирус, Бермет Естебесова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Естебесова: хлор астмасы барларга терс таасирин тийгизет
Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик бейтапканасынын башчысы, медицина кызматынын капитаны Султан Жаманов. Архив

Жаманов: COVID-19 медиктерден кийин эле чек арачыларга сокку урду

56
Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик бейтапканасынын башчысы, медицина кызматынын капитаны Султан Жаманов коронавирустун соккусу дарыгерлерден кийин эле чек ара кызматкерлерине тийгенин айтты.
Жаманов: COVID-19 медиктерден кийин эле чек арачыларга сокку урду

Чек арачылар үчүн 25 орундуу амбулатордук стационар ачылып, Чек ара кызматынын медиктери тарабынан Call-борбор аркылуу консультация берүү колго алынды. Ошондой эле мобилдүү эки бригада оор абалдагы бейтаптардын үйүнө барып жатты. Бул тууралуу Султан Жаманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Чек ара кызматы дары-дармектерди камдап, коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүүдө.

Жолдошев: коронавирус көз аркылуу жугат деген божомолдор бар

"Коронавирус пандемиясы жарыялангандан баштап биз күчөтүлгөн тартипте иш алып бара баштадык. Вирус тарап кетпеши үчүн Чек ара кызматы сырттан учуп келген жарандардын абалын текшерип жаттык. Дарыгерлерден кийин эле сокку биздин кызматкерлерге тийди. Ага ылайык, Чек ара кызматында иштеген адамдарга жеке коргонуучу костюмдар таратылган. Жалпысынан иштеп жүргөн офицерлер, келишим менен иштегендер, андан тышкары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, пенсионерлердин арасында 60 киши коронавирус жуктуруп, 128и вирус тастыкталбаган пневмонияга кабылды. Учурда 49 пайызы дарыланып айыкты, ал эми бир пайызы үйдө обочолонууда. Оор абалдагы бейтаптар жок. Чек арачылар үчүн бардык шарттары менен 25 орундуу амбулатордук стационар ачылып, аскер кызматкерлери үчүн Call-борбор аркылуу консультация берүү колго алынды. Ошондой эле мобилдүү эки бригада оор абалдагы бейтаптардын үйүнө барып жатты. Болгон аракеттерге карабастан оору күчөп турган маалда дарыгерлерге өз убагында кайрылбай, өз алдынча дарылангандыктан Чек ара кызматында иштеген бир бейтап көз жумган", — деди Жаманов.

Дарыгер учурда абал жакшырганына карабастан санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарыл экендигин эскертти.

56
Белгилер:
Аскер, Мамлекеттик чек ара кызматы, пандемия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Акматова: карантинден 14 күн өтүп абал кескин начарлады
Кыргызстандын жаранынын паспорту жана акча. Архив

Кыргызстанда ID-картанын баасы кымбаттайт. Себеби

0
2017-жылдан бери Мамкаттоо кызматы жарандарга атайын чип орнотулган паспорт берип келет. Чипте жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты, жеке номери, туулган жылы, дареги, үй-бүлөлүк абалы, улуту, сүрөтү жана электрондук кол тамгасы камтылган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Ушул жылдын 17-августунан тарта 2017-жылкы үлгүдөгү ID-картанын баасы кымбаттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Баанын жогорулашына акысыз бланктардын чыгарылбай калганы себеп болду.

Белгилей кетсек, 2017-жылдан бери Мамлекетти каттоо кызматы жарандарга атайын чип орнотулган паспорт берип келет. Чипте жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты, жеке номери, туулган жылы, дареги, үй-бүлөлүк абалы, улуту, сүрөтү жана электрондук кол тамгасы камтылган.

"Буга чейин Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) грант иретинде 1,9 миллион даана бланк берген. Келишим боюнча келерки бланктарды акы төлөп алышыбыз керек. Бир бланктын баасы 206 сом", — деп айтылат билдирүүдө.

Калкты тейлөө борборуна эми телефон аркылуу кезекке туруп коюуга болот

Мындан улам алгачкы жолу паспорт алып жаткан жаран 470 сом (206 сом бланк, 241 сом персонификациялоо, 23 сом банк кызматтарына) төлөшү керек. Ал эми биринчи жолу шашылыш түрдө алып жаткандар 1260 сом (206 сом бланк, 516 сом персонификациялоо, 518 шашылыш түрдө документ даярдоо, 20 сом банк кыматтарына) бериши зарыл. Бул документ 8 күн ичинде даярдалат.

0
Белгилер:
баа, паспорт, Кыргызстан
Тема боюнча
Жоголгон айдоочулук күбөлүк менен номерди кайра алуунун шарттары өзгөрдү