ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Авазбек Айтиевдин архивдик сүрөтү

Авазбек Айтиев: куткаруучулар үйлөрдүн болжолдуу ордун казып жатат

234
(жаңыланган 16:22 29.04.2017)
Өзгөн районундагы кырсык болжол менен 24 кишини жана балдарды басып калган.
Авазбек Айтиев: куткаруучулар үйлөрдүн болжолдуу ордун казып жатат

Өзгөн районунун Аюу-Сай айылына түшкөн көчкү жалпысынан 11 үйдү басып калганын ӨКМдин маалымат кызматынын өкүлү Авазбек Айтиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кырсык 11 үйдү тооруган. Көчкү басып калган үйлөрдүн төртөөсүндө эч ким жашаган эмес.

"Калган жети үйдө 24 киши жашайт эле деп айыл тургундары менен айыл башчылары айтып жатат. Азыр издеп куткаруу иштерине 175 куткаруучу тартылган. Алар көчкү баскан үйлөрдүн болжолдуу орундарын казып жатат. Азырынча эч ким табыла элек", — деди Айтиев.

Ал Генералдык штабдан дагы 100 куткаруучу жардам берүүгө келе жаткандыгын кошумчалады.

Учурда жер көчкү түшкөн аймакта Жарандык коргоонун штабы түзүлүп, иштеп жатат.

Эске сала кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 1 миллион кубометр болгон жер көчкү жүрүп, болжол менен 24 кишини басып калган.

234
Белгилер:
куткаруучу, Жер көчкү, жардам, ӨКМ, Аюу айылы, Өзгөн
Тема:
Өзгөндүн Аюу айылында 24 киши жер көчкүнүн алдында калды (42)
Тема боюнча
Өзгөндөгү жер көчкү алдында калгандардын болжолдуу тизмеси
Аюу-Сайга ӨКМ жардам жөнөтүп, Жалал-Абаддан куткаруучулар Өзгөнгө чыгып кетти
Бишкек троллейбус башкармалыгы ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров

Капаров: бир троллейбусту толук ремонттон өткөрүүгө 150 миң сомдой керек

56
(жаңыланган 12:18 18.01.2021)
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров мекемеде эскилиги жеткен 27 троллейбус бар экенин айтты.
Капаров: бир троллейбусту толук ремонттон өткөрүүгө 150 миң сомдой керек

2020-жылы пандемия убагында 19 миллион жүргүнчү ташыдык. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 10 миллион кишиге аз. Бул тууралуу Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, троллейбус айдоочуларынын айлык акысы 12-20 миң сомго жетет.

"Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. 120 транспорт 11 маршрут боюнча линияга чыгып, каттамдарды тейлейт. Жалпы жамаатта 700дөй кызматкер иштейт. Ишканага 2013-жылы 79 жаңы троллейбус, 2018-жылы дагы 52си алынган. Ал эми 1989-1990-жылдары чыгарылган жалпы 27 троллейбустун эскилиги жеткендиги тууралуу мэрияга айтылды. 2020-жылдын башынан тарта "Тулпар" көзөмөл кызматы менен иштеше баштадык. Шаар тургундары электрондук билетке толугу менен өтсө жүргүнчүлөрдүн саны, бюджетке түшкөн каражат боюнча ачык-айкындуулук болот эле", — деди Капаров.

Жетекчи ошондой эле бир троллейбусту капиталдык ремонттон өткөрүүгө болжол менен 150 миң сом талап кылынарын кошумчалады.

56
Белгилер:
маршрутка, троллейбус, транспорт
Тема боюнча
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды
КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев

Мусаев: учурунда Айша Карасаевага Аалы Токомбаев дагы ашык болгон

106
(жаңыланган 12:28 18.01.2021)
КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев окумуштуу Кусеин Карасаевдин жанында жүрүп, кеп-кеңештерин көп жолу алганын айтты.
Мусаев: учурунда Айша Карасаевага Аалы Токомбаев дагы ашык болгон

Айша Карасаевага өз кезегинде айтылуу жазуучу Аалы Токомбаев дагы ашык болгон, бирок нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган. Бул тууралуу Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Карасаев жашоодон көп запкы тартып калгандыктан сөзгө, кепке абдан сак эле.

"Кусеин Карасаев менен ата-баладай болуп жүрүп, ал кишинин үйүндө көп жолу конокто болдум. Сөздүн гүлүн терип, макалдатып сүйлөгөн чечен киши болчу. Башкалардан дагы ушуну талап кылчу. Ал киши менен баарлашып отурганда жан дүйнөңдө сергүү, тазаруу пайда болор эле. Конокко барганда жубайы Айша апа дароо дасторконун жая салчу. Айша Карасаева кыргыздын мыкты кыздарынын бири эле. Алгачкы "Чүмбөттүү араба" деген тасмага тартылган актриса. Экөөнүн курагында айырмачылык 10 жаш болчу. Аны белгилүү жазуучубуз Аалы Токомбаев дагы жакшы көргөн экен. Экөө Айша апаны талашып, нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган", — деди Мусаев.

Профессор жубайлар үч кызга таалим-тарбия берип өстүргөнүн кошумчалады.

106
Белгилер:
жубайлар, Окумуштуулар
Тема боюнча
Жолдошунун алмаштыргыс редактору болгон. Айша Карасаева жөнүндө 6 факты
Экономика министрлиги имараты. Архивдик сүрөт

Мода, дизайн, кино... Креативдүү экономика боюнча токтом долбоору талкууга коюлду

0
Бул тармакка реклама, архитектура, искусство, интерьер дизайны, мода жана кино индустриясы, видео өндүрүш, телекөрсөтүү, радио жана башкалар кирет.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Экономика министрлиги креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгып, токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Документти өкмөттүн сайтынан көрүүгө болот.

Бул тармакка реклама, архитектура, искусство, интерьер дизайны, мода жана кино индустриясы, видео өндүрүш, көңүл ачуучу компьютердик программалар жана оюндар, музыка, театралдык искусство, арт-дизайн, көркөм сүрөт искусствосу, басылма иши, телекөрсөтүү, радио жана башкалар кирет.

"Кыргызстандын бул секторлорду өнүктүрүү боюнча потенциалы чоң, бирок акыркы беш жыл ичинде өлкөнүн ички дүң продукциясында креативдүү экономиканын үлүшү бир пайыздан ашпай келет. Анткени көпчүлүгү көмүскө иштеп жатат. Бул документ тармакты өнүктүрүп, жолго коюуга шарт түзөт", — деп айтылат негиздемеде.

Эске салсак, Экономика министрлиги аталган концепцияны 2020-жылдын август айынан бери колго алган.

Ведомство креативдүү индустрия сектору келечекте улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайынан жана мигранттардын акча которууларынан көз каранды болуусун жок кылат деген пикирде.

0
Белгилер:
талкуу, токтом, экономика, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанга кандай инвестициялар тартыла турганы айтылды